Максим Бакиевге таандык болгон компания мамлекетке кайтарылганы айтылды

Максим Бакиевге жана анын досторуна тиешелүү болгон "ЭлКат" жоопкерчилиги чектелген коому мамлекетке кайтарылып, кайрадан президенттин иш башкармалыгынын карамагына өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Ал 6 миллиард сом активи бар компания 2007-жылы мурдагы президенттин иш башкармалыгынын көзөмөлүнөн мыйзамсыз чыгарылып кеткенин белгиледи. Ошондой эле Орунбеков "ЭлКат" жана Максим Бакиевге тиешелүү Франциядагы "Шато де ла Групп" вилласы Алексей Ширшовдун көрсөтмөсү менен аныкталганын маалымдады.

"Максим Бакиев франциядагы мүлктү убагында өнөктөшү Борис Березовскийге убактылуу каттап турган. Березовский каза болуп калгандан кийин Бакиев аны өзүнө каттай албай, мүлк бүгүнкү күнгө чейин ээсиз турган. Учурда Кыргыз өкмөтү бул мүлктү мамлекеттин карамагына өткөрүү боюнча эки жыл мурда иштерди баштаган. Бул ишти юстиция министри Аяз Баетов жетектөөдө.

2010-жылдан кийин дайынсыз жоголгон, мыйзамсыз басып алынган же таланып кеткен мүлктөр дагы деле болушу мүмкүн. "ЭлКат" жана Франциядагы кымбат баалуу мүлк боюнча маалыматтар бир гана Ширшовдун көрсөтмөсү менен ачылды. Демек, дагы башка жашыруун активдер жана мыйзамсыз чыгарылган байлыктар аныкталышы мүмкүн", - деп жазды ал Facebook баракчасына.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан