Дональд Трамп Садыр Жапаровго куттуктоо жолдоду

АКШнын президенти Дональд Трамп өлкө башчы Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдирди.

"Бул майрам бардыгы үчүн тынчтыктын, гүлдөп-өнүгүүнүн жана жаңылануунун символу. Ошондой эле Тажикстан менен чек аранын жакында делимитацияланышына байланыштуу куттуктоомду билдиргим келет. Бул экономикалык жана коопсуздук маселелеринде эки өлкөгө тең пайда алып келе турган олуттуу жетишкендик.

Америка эли бул тарыхый келишимди жана ал алып келе турган тынчтыкты кубаттайт. Биздин өлкөлөр заманыбыздын маанилүү чакырыктарын чечүүдө биргелешкен аракеттерди улантып жаткандыктан Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн, көз карандысыздыгынын жана аймактык бүтүндүгүнүн туруктуу колдоочусу бойдон кала берерин билиңиз", - деп айтылган АКШ лидеринин куттуктоосунда.

Мунун алдында Садыр Жапаровго бир катар өлкө башчылары өз куттуктоолорун жолдошкон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан