Садыр Жапаровду Нооруз майрамында куттуктаган өлкө башчылары

Бүгүн, 21-мартта түрк элдери Нооруз майрамын белгилеп жатат. Буга байланыштуу өлкө лидерлери президент Садыр Жапаровго жана кыргыз элинине куттуктоо телеграммаларын жөнөтүшүүдө.

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Садыр Жапаровду Нооруз майрамы менен куттуктап, чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Сиз Кытайга мамлекеттик сапар менен барып, IX кышкы Азия оюндарынын ачылыш аземине катыштыңыз. Биз сиз менен жылуу, достук маанайда жемиштүү жолугушуу өткөрүп, кытай-кыргыз мамилелери жана ар тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча маанилүү макулдашууларга жетиштик.

Мен бул макулдашуулар натыйжалуу ишке ашырылып жатканына кубанычтамын, эки өлкөнүн ортосундагы жогорку сапаттагы кызматташтык барган сайын тыгыз болуп, дайыма жакшы натыйжаларды берип жатат.

Мен кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурам жана терең достугубузду баалайм. Сиз менен эки өлкөнүн ортосундагы салттуу достукту чыңдоо жана эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн жаңы доордо баарын камтыган ар тараптуу жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнү илгерилетүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого даярмын”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бул майрам эки элдин тилектештигин бекемдеп, бакубаттуулугун арттырсын деген изги тилегин жолдогон.

"Бул биздин элдерди кылымдар бою достук, ынак коңшулук жана өз ара урматтоо салттары менен байланыштырып, жаратылыштын жаңылануусун символдоштурган жаркын майрам. Бул жаз майрамы элибиздин тилектештигин бекемдеп, кубанычын жана бакубаттуулугун арттырсын.

Нооруздун баа жеткис баалуулуктары мамлекеттер аралык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө, элдерибиздин жыргалчылыгына багытталган бийик максаттарга жана идеалдарга жетүүгө өбөлгө болот деп ишенем", - деген ал.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев куттуктоосунда өзбек-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгү кеңейип бара жатканын белгилеген.

Кылымдар бою боордош элибиз бул маанилүү жана даңазалуу күндү чоң салтанат жана кубаныч менен белгилеп, жакшы ниеттерге, жакшы пландарга жана максаттарга жетүү үчүн бирге эмгек кылган.

Акыркы жылдары Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы ынак коңшулук, ынтымак жана өз ара урматтоо принциптерине негизделген стратегиялык өнөктөштүк кеңейип баратканына биз абдан кубанычтабыз.

Сиз менен боло турган алдыдагы жогорку деңгээлдеги диалогдорубуздун жана биргелешкен чечкиндүү аракеттерибиздин жыйынтыгы боюнча биз өз ара пайдалуу жана узак мөөнөттүү кызматташуубузду элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн жаңы деңгээлге чыгарабыз деп бекем ишенем”, - деп жазылат анда.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев куттуктоосунда Азербайжан менен Кыргызстандын стратегиялык алакасы мындан ары да өнүгүп, бекемделишине ишеним билдирген.

Чоң толкундануу жана кубаныч менен белгиленип келген бул майрам миңдеген жылдар бою жердин ойгонушун, жаратылыштын жаңылануусун жана адамзаттын жанданышын билдирет.

Тамырлаш, түбү бир жана бай улуттук-руханий баалуулуктардан негиз алган Азербайжан менен Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштүгү биздин биргелешкен аракеттерибиздин аркасында мындан ары да өнүгүп, бекемделе берерине ишенем”, - деген Алиев.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов куттуктоосунда кыргыз элине бакыт, кубаныч жана жаңы ийгиликтерди каалап өттү.

“Нооруз түрдүү элдердин жана маданияттардын ортосундагы ынак коңшулук мамилелерди чыңдоодо негизги ролду ойнойт. Бул жаркын майрам азыркы дүйнөдө гуманисттик сезимдерди жаратууга жана бекемдөөгө дем берүүчү үмүттүн символу болуп саналат”, - деп жазылат анда.

Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан президент Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

"Жаз – табияттын тең салмактуулугунун туу чокусу жана боорукердиктин, үндөштүктүн башаты. Жаңы жылда эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерде жана элдерибиздин күнүмдүк турмушунда эң сонун өзгөрүүлөргө күбө болобуз деп ишенем", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сауд Арабия Падышалыгынын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд куттуктоосунда Кыргыз өлкөсүнө мындан аркы өнүгүүнү каалаган.

"Зор кубаныч менен Нооруз майрамына карата улуу урматтуу сизге чын жүрөктөн куттуктоо сөздөрүн жолдойбуз, чың ден соолук жана бакыт, ал эми Кыргызстандын өкмөтүнө жана боордош элине мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү каалайбыз", - деген ал.

Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мухаммад бин Салман бин Абдульазиз Аль Сауд да куттуктоо жолдогон.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон куттуктоо телеграммасында кыргыз элине бакыт, бакубатчылык, тынчтык жана туруктуулук, прогресс жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

"Байыркы тарыхы бар бул майрам тынчтык жана коопсуздук идеяларынын негизинде маданий мурастардын жана кылымдарды карыткан каада-салттардын биримдигин ишке ашыруу катары, ынак коңшулук, өз ара урматтоо жана колдоо көрсөтүү, анын ареалындагы элдердин ортосундагы байланышты чыңдоодо маанилүү ролду ойнойт.

Нооруз майрамынын түбөлүктүү жаратман салттары бизди элдерибиз менен өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелерди жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө үчүн туруктуу күч-аракеттерди жумшоого үндөйт.

Биздин өлкөлөр бул байыркы майрамдын жалпы адамзаттык бийик баалуулуктарына таянуу менен мындан ары да өздөрүнүн көп кырдуу мамилелеринин мазмунун байытуу боюнча биргелешкен аракеттерди көрөрүнө ишенем”, - деп айтылат куттуктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан