2023-жылдын октябрынан бери Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерден улам 50 миң 21 палестиналык набыт болуп, 113 миңден ашуун адам жаракат алды. Бул тууралуу анклавдын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматта Израил ок атышпоо келишими аяктагандан кийин Газага кайра баштаган соккуларынан каза тапкандардын саны 673 адам экени айтылат. Министрлик жарандар менен аскерлерди бөлүп көрсөткөн эмес. Ал эми Израилдин билдиришинче, Газада 20 миңге жакын согушкерлер жок кылынган.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 7-октябрында Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС кыймылынын куралдуу жактоочулары Израилдин аймагына кирип, чек арадагы конуштардын тургундарын өлтүрүп, барымтага алгандан кийин кырдаал кескин начарлап кеткен. Буга жооп иретинде Израил анклавда аскердик операция баштаган.