Израилдин тыныгуудан кийинки соккусунан Газада 200дөн ашык адам набыт болду

Газа тилкесинде Израилдин соккусунан каза болгондордун саны 200дөн ашты. Бүгүн, 18-мартка караган түнү Тель-Авив Палестинанын анклавына массалык сокку урганын кабарлады.

Axios басылмасы жөөттөр мамлекетинин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсесине таянып, Израиль ХАМАСка каршы аскерий операцияларды кайра баштоону чечкенин жазды. Al Jazeera басылмасы Газа тилкесинде аскердик операциянын кайра башталышына ХАМАС кыймылы келишимди узартуудан баш тартканы себеп болгонун маалымдады.

Эске салсак, 19-январдан 1-мартка чейин Газа тилкесинде ок атышпоо, Израиль менен ХАМАСтын ортосунда туткундарды алмашуу боюнча келишим күчүндө болду. Бул аралыкта Газадан 30 тирүү барымтадагы адам бошотулуп, сегиз кишинин сөөгү чыгарылды. Анын ордуна Израил 1700дөй палестиналык туткунду бошотуп, армиясын анклавдын ички аймактарынан чыгарып кеткен.

Макулдашылган келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин эки тараптын ортосунда аны кайрадан узартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан