Салык кызматынын мурунку төрагасы менен орун басарынын камактагы мөөнөтү узартылды 

Салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычовдун камактагы мөөнөтү 20-майга чейин узартылды. Маалыматты бүгүн, 24-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунан ырастады.

Маалымдалгандай, райондук сот мындай чечимди 17-мартта кабыл алган. Алардын абактагы мөөнөтүн узартуу сунушун УКМКнын тергөөчүсү келтирген.

Эске салсак, 6-декабрда Абдувапов менен Кыдыргычов УКМК тарабынан кармалган. Атайын кызмат алар электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар деп шектелип жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан