Бүгүн, 25-мартка караган түнү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Советское айылында нөшөрлүү жаандан, тоо этектериндеги карлардын эришинен улам каналдан суулар ашып, турак үйлөрдүн короолорун каптаган. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан, Ак-Суу райондук бөлүмүнөн ыкчам топ жөнөп кеткен. Суунун нугун буруу иштерине жергиликтүү бийликтин эки техникасы тартылды.
ӨКМ кошумча маалымат бериле тургандыгын билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин ӨКМ кызматы шашылыш билдирүү
тараткан. Ошондой эле суу ташкыны Чаткал районунда катталганы
маалымдалган.