
Кыргызстанда 24-25-март күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт. Бул туурасында ӨКМ бүгүн, 20-мартта кабарлады.
Министрлик кабарлагандай, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу капташы, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги арыктарды, суу өткөрүүчү түтүктөрдү жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүүнү сунуштайт.