Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаров "Азаттыкка" курган маегинде качкын президент Курманбек Бакиевди өлкөгө алып келүү боюнча пикирин билдирди.
"Негизи ханы качкан элдин куну качат" дейт. Эмнеге качты? Маселе ушунда. Ушул кезге чейин Бакиев бир канча жолу "эгерде адилеттүү, ачык сурак боло турган болсо, анда мен сурак берүүгө даярмын" деп айтты. Ал Курманбек Салиевичтин позициясы. Муну эл кандай кабыл алат, ал элдин позициясы. Бийлик кандай кабылдайт, ал бийликтин позициясы.
Эгерде бийлик чындап ак-карасын талдай ала турган болсо, бардыгын алып келип иликтеш керек. Мен мышыктын баласы дагы бөтөн жерде калышын каалабайм", - деди ал.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде Курманбек Бакиевди алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан. Өлкө башчы сөзүндө Беларус мамлекети "камабасаңар" өткөрүп беребиз деген талап койгонун белгилеген. Кийинчерээк президенттин маалымат саясатынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Facebook баракчасында Курманбек Бакиев Кыргызстанга кайтарылса, бир топ коррупциялык иштердин бети ачылмактыгын жазган. Ал арада качкын президент Минск шаары менен Жалал-Абад шаарында ооз ачар өткөргөнү белгилүү болду.