Өлкө башчы Садыр Жапаров качкын президент Курманбек Бакиев менен бозгундагы саясатчы, экс-премьер-министр Сапар Исаковду Кыргызстанга алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-мартта "Кабар" агенттигине билдирди.
Мамлекет башчысы аларды "Эгер камабасаңар өткөрүп берели" деп жатышканын белгиледи.
"Биз ойлонуп жатабыз. Бир чети макул деп алып келип ТЭЦ боюнча, музей боюнча сурабайлыбы? Кимдер канча акча алганын айтып берсе болду. Акчаларды бюджетке кайтарып алыш күч органдарынын иши. Уурдалган миллиарддаган акчаларды ушундай жолдор менен эле кайтардык го.
Ал эми Курманбек Бакиев боюнча деле ушундай маселе. Ячейкаларда канча акча болгон. Максимдин кеңсесинен уурдалып кеткен алтын концентраты жөнүндө сөз болуп жатат. Канча тонна болгон. Апрель, июнь окуялары жана башка иштер боюнча ал кишиден да экинчи тарап катары угуп, иштерди жыйынтыктап койбойлубу. "Кантип эле ушул турган Москва менен Минсктен алып келе албай жатасыңар" деп 15 жылдан бери жалпы эл талап кылып келе жатпайбы", - деди Жапаров.