АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолц өлкөнүн жогорку даражалуу чиновниктери Йеменде аскерий операцияны пландоону талкуулаган жашыруун кат алышуу жаңжалынан кийин Fox News телеканалына интервью берди. Ал болгон окуя үчүн жоопкерчиликти өзүнө алгандыгын билдирген.
Чет элдик басылмалар, Уолц социалдык баракчадагы чатты өзү ачкандыгын да тастыктаганын билдирген. Жана журналист менен мамилеси жоктугун айткан.
"Албетте, мен аны байкаган жокмун. Ал муну атайылап жасадыбы, же башка техникалык жол менен болдубу? Биз тактоого аракет кылып жатабыз", - деди ал маегинде.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын чиновниктеринин купуя талкуусуна журналисттердин бири кокустан кошулуп калгандыгы айтылган. Ал The Atlantic басылмасынын башкы редактору Жеффри Голдберг экендиги маалым болгон.