АКШнын чиновниктеринин купуя талкуусуна журналисттердин бири кокустан кошулуп калгандыгы айтылды

АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы The Atlantic гезитинин башкы редакторун кокустан Йемендик хуситтерге каршы боло турган соккулар талкууланган жабык сүйлөшүүгө кошуп алышкан. Бул тууралуу The Atlantic басылмасынын башкы редактору Жеффри Голдберг өзү билдиргенин чет элдик басылмалар жазды.

Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Брайан Хьюз бул кат алышууну тастыктап, бул журналисттин номуру топко кайсы учурда кошулганы боюнча изилдөө жүрүп жаткандыгын айткан.

11-мартта Голдберг АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолтцтон "Signal" чатына чакыруу алган. Эки күндөн кийин ал аталган баракчадагы жабык топко кошулган. Анда АКШ президентинин администрациясынын жогорку даражалуу мүчөлөрү хуситтерге каршы сокку урууга байланышкан маселелерди талкуулагандыгын билдирди.

Журналист Уолтц менен профессионалдык ишмердүүлүгү аркылуу таанышкандыгын айтып, жогорку кызматтагы адамдардын кат алышууларына байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү берилгенин түшүнбөй жаткандыгын кошумчалаган.

Уолтцтон тышкары купуя сүйлөшүүлөр баракчасында АКШнын вице-президент Жей Ди Вэнс, Коргоо министри Пит Хегсет, Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүл Стив Уиткофф жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Стивен Миллер болгон. Алар Йеменге болчу аба соккуларынын чоо-жайын, анын ичинде операциялардын так убактысын жана буталардын тизмесин талкуулашкандыгы айтылган.

Пентагондун башчысы бул боюнча маалыматты четке каккан. АКШнын президенти Дональд Трамп бул боюнча кабары жок экендигин билдирди.

Айта кетсек, АКШ 15-мартта Йемендеги хуситтерге каршы кеңири масштабдуу операция баштагандыгы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан