Энергетика министрлиги өлкөдө 1-майдан тарта электр энергиянын
тарифтери өзгөрөрүн эскертти. Ага ылайык, электр энергиясынын баасы 700 кВт/саатка чейин 1 сом 37 тыйын
(эски тариф 1 сом 11 тыйын), ал эми 700 кВт/сааттан жогору 2 сом 60 тыйын
(эски тариф 2 сом 39 тыйын) болот.
"Акыркы 10 жылда электр энергиясын керектөө 3,6 миллиард кВт/саат көбөйдү. Жабдуулар эскирди. Электр станциялары менен түйүндөрдү жаңылоо зарыл, бул көп каражатты талап кылат. Тарифтер өзүн актабайт. Электр энергияны өндүрүүнүн өздүк наркы 2 сом 72 тыйын (кВт/саат), ал эми 2 сом 11 тыйын (кВт/саат) турат. Калган чыгымды мамлекет жабат. Бирок бул узак мөөнөттүү чечим боло албайт.
Тарифтердин өзгөрүшү үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздоого жана энергетика системасын жаңылоого өбөлгө түзөт", - деп жазылат анда.
Башка категориялар үчүн тарифтер