Май айынан тарта Кыргызстанда электр энергиясы 26 тыйынга кымбаттайт 

Өлкөдө быйыл электр энергиянын баасы 26 тыйынга кымбаттайт. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, былтыр май айында жарандар үчүн 1 кВт/саат электр энергиянын баасы 1 сом 11 тыйынга көтөрүлгөн. Быйыл майда ал 26 тыйынга кымбаттап, 1 сом 37 тыйынды түзөт.

Министр электр энергиянын баасы инфляцияга байланыштуу 2030-жылга чейин кымбаттап турарын кошумчалады.

Жогорку Кеңеш 14.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан