IPHR кыргыз бийлигин Канышай Мамыркулованы бошотууга чакырды

Норвегиялык Хельсинки комитети менен Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (IPHR) кыргыз бийлигин эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованы бошотууга чакырды. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

"Канышай Мамыркуловага карата репрессиялык иш – бул Кыргызстандын Конституциясы жана өлкө ратификациялаган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт тарабынан кепилденген сөз эркиндигин бузуу болуп саналат", – деп жазылат уюмдун билдирүүсүндө.

Уюм кыргыз бийлигин ага карата козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырып өткөн.

Канышай Мамыркулова 20-мартта Бишкек ШИИББи тарабынан кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандыктар) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) менен кылмыш иши козголгон. Ал 19-майга чейин камакка алынганы кабарланган.

Айта кетсек, эркин журналист Канышай Мамыркулова социалдык баракчаларынан коомдогу болгон окуяларга байланыштуу өз оюн жазып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан