Бишкек милициясы массалык башаламандыкка чакырыкган жана улуттар аралык кастыкты козутууга шектелген жаран кармалганын билдирди.
Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, социалдык тармактарда мониторинг жүргүзүү учурунда, Фейсбук социалдык тармагынан Кыргызстан-Тажикстан чек арасы боюнча жалган маалыматтарды тараткан К.М аттуу колдонуучу аныкталган.
"Ал Коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу менен өлкө аймагында массалык башаламандыктарды уюштурууга багытталган чакырыктарды, ошондой эле коңшу өлкөлөрдүн жана кыргыз жарандарынын ортосундагы улуттар аралык кастыкты козуткан аракеттерди жасаган.
Маалымат, соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусу менен тастыкталып, борбордук милициянын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык баш аламандыктар) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада 1975-жылы туулган шектүү аныкталып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.
Милиция активистти Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселелери боюнча дагы коомчулукту адаштырып, коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, ал боюнча дагы учурунда жоопкерчилиги каралгандыгын кошумчалаган.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, буга чейин эркин журналисттин 48 саатка камакка алынганы маалым болгон.