
Бүгүн, 27-мартта Нарында катуу шамал турак үйлөрдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ат-Башы районунда ылдамдыгы секундасына 22 метрге жеткен катуу шамал катталып, Кара-Суу, Калинин, Дыйкан айылдарында кампалардын, чарбалык курулуштардын, сарайлардын жана Терек-Суу айылындагы 2 турак үйдүн чатырларын учуруп кеткен.
"Шамал басылгандан кийин жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо иш-чараларын жүргүзөт", - деп билдирди ӨКМ.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек–Нарын–Торугарт жолунда оор жүк ташуучу унаалар шамалдан улам оодарылып калгандыгы
айтылган.