Укмуштуудай... Ат-Башыдагы бороон оодарылган чиркегичти кайра ордуна коюп койду (видео

Социалдык тармактарда катуу шамаал жүк ташуучу унаанын оодарылып жаткан чиркегичин кайра тургузуп койгондой элес калтырган видео тароодо.

Аталган видео Нарын–Торугарт жолунда тартылганы айтылууда. Мындан тышкары социалдык тармактарда оодарылган оор жүк ташуучу унаалардын бош чиркегичтери тартылган башка дагы видеолор тарап жатат. Ал арада Транспорт министрлиги Ат-Башы районунда катуу бороон болуп жатканын кабарлады. Министрлик мындан улам атайын техникалар менен Торугарт жолунда тынымсыз тазалоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

"Катуу шамалдын кесепетинен айрым оор жүк ташуучу унаалардын бош чиркегичтери оодарылып, каттам үчүн кыйынчылык жаратууда. Алыс жолго сапар алган айдоочуларды аба ырайынын шартын эске алып чыгууга жана жол эрежесин так сактоого чакырабыз", - деген министрлик жогорудагы айтылган фактыны тактады.

27.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Алик
2025-03-27 14:35:00
Аллах Кадыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан