Таласта жер титирөөдөн улам жарака кеткен турак үй, социалдык объектилерди аныктоо башталды

Бүгүн, 28-мартта Талас облусунун Талас районунда жер титирөөгө байланыштуу ыкчам топ түзүлүп, Көпүрө-Базар айылында 5 турак жайдын дубалдарынан жарака кеткендигин аныкташты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басарынын буйругунун негизинде саат 05:15де ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы ыкчам жыйынга чогулуп, абалды көзөмөлдөө, айыл аймактардан маалымат алуу, чара көрүү, кесепеттерин тактоо иштерин алып барууну талкуулашты.
"Каракол айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы берген маалыматтарына ылайык, саат 06:00гө карата абал тынч, жергиликтүү тургундардан кайрылуулар азырынча түшө элек. Ал эми ыкчам топ жеринде тактоо иштерин жүргүзүүнү улантат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бүгүн, 28-мартта саат 04:42де Казакстандын аймагында жер титирөө катталып, ал Кыргызстандын аймагында да сезилген.
Ал эми саат 07:17де Жалал-Абад облусунда да жер силкинди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан