Жалал-Абад облусунда да жер силкинди

Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн, 28-мартта саат 07:17де Кыргызстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда (φ = 41° 42 с.ш.λ = 71° 42´в.д.) күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Аркит, Жылгын, Тегирмен-Сай, Жол-Сай, Ит-Агар айылдарында 2,5 баллга чейин (Тегирмен-Суу айылынан 10 чакырым түндүк-батышта, Аркит айылына 17 чакырым түштүк батышта) сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан