Чүй менен Шопоковдун кесилишиндеги жер астынан өтүүчү өтмөктүн курулуш иштери башталды 

Бишкектеги Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде жер алдындагы өтмөктүн курулушуна даярдык иштери башталды. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 31-марттан тарта жолдун аталган бөлүгү транспорт үчүн жарым-жартылай жабылат. Ал эми 9-майдан баштап Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштери үчүн толук жабыла турганы маалым болду.

Ошондой эле Чүй проспектисинин бир бөлүгү транспорт кыймылы үчүн 6-8 айга жабыла турганы кошумчаланды.

Белгилей кетсек, буга чейин Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде эскалаторлор, заманбап лифттер, сервистик объектилер, ошондой эле 220дан ашык унаага ылайыкталган жер алдындагы унаа токтотуучу жайды камтыган ири инфраструктуралык долбоор башталары айтылган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан