Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде жер астынан өтүүчү өтмөктүн курулушунан улам 31-марттан тарта Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, эскалатор, заманбап лифт, тейлөөчү объектилер менен жабдылган жер астынан өтүүчү жол менен биргеликте 220дан ашуун унаа токтотуучу жай да курула турганы айтылды.
Долбоор "Ташболот Холдинг" жана "Олд Бишкек" ЖЧК компанияларынын жеке инвестицияларынын эсебинен ишке ашырылат. Курулуштун жалпы бюджети 2 миллиард сомду түзүп, эки жылга созулат.
Мындан улам бул аймактагы айрым автобус каттамдардын жүрүү схемасы өзгөрөт:
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектин борборундагы адамдар көп өтүүчү эки жерге жер астынан өтүүчү өтмөктөр курула турганы айтылган.