Камчыбек Ташиев грек жаңгагынын тарыхый аталышын кайтаруу керектигин айтты (видео)

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы 100 гектар жерге көчөт отургузуу ишинде грек жаңгагынын тарыхый аталышын кайтаруу керектигин белгиледи.

"Гректер жаңгакты бизден алып барган. Бизден алып барып түрктөр, кытайлар кыргыз жаңгагын өстүрүп жатат. Кытайда жаңгак өскөн эмес. Муну бренд кылыш керек. Мындан ары кыргыз жаңгагы деп эле айталы. Грек жаңгагы дегендерге эмне дейбиз?" - деп жанындагыларды күлдүргөн.

Айта кетсек, кечээ, 31-мартта Ташиевдин демилгеси менен Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө 100 гектар жерге көчөт отургузулду.

01.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан