УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен Жалал-Абад облусунда экологиялык кампания жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМ бүгүн, 31-мартта билдирди.
Анын алкагында 100 гектар аянттагы какыраган адырларга 40 миң көчөт отургузулат.
"Табиятка инвестиция салуу – бул биздин экологиялык коопсуздукка жана Кыргызстандын жарандарынын жыргалчылыгына кошкон узак мөөнөттүү салымыбыз", – деп белгиледи Ташиев.
Иш-чарага өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, министрликтин өкүлдөрү, УКМКнын кызматкерлери, ошондой эле Токой чарбасынын адистери катышты.
Көчөттөрдүн натыйжалуу өсүшүн камсыздоо үчүн израилдик заманбап сугат системасы орнотулууда. Аны Түркиядан келген адистер ишке киргизип, көп жылдык пайдаланууга ылайыкташтырат. Долбоордун алкагында жети түрдүү: жаңгак, фисташка, бадам, алма, карагай, өрүк жана башка ийне жалбырактуу дарактар тигилүүдө.
Ажикеев белгилегендей, «Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын алкагында өлкөнүн бардык аймактарында 2000 гектардан ашык токой массивдери отургузулат. Ошондой эле негизги автомагистралдардын боюнда жашыл аллеялар түзүлөт.