Ташиев Достук айылы Тажикстанга мамлекеттин тынчтыгы үчүн берилгенин айтты (видео)

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Сузак районуна барганда Баткен районундагы Достук айылынын Тажикстанга өтүшү мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн болгонун айтты.

"Туура, кайсы бир деңгээлде ошол жерде жашагандарга кыйын болушу мүмкүн. Алардын "мен туулган, жашаган жер эле" деп жүрөгү ооруйт. Бирок биз мамлекеттин, кийинки муундун келечеги үчүн садагага чаап жатабыз. Мамлекет аларды да "бар эми чыккыла!" деп таштап койгон жок. Алардын ар бирине үй салып, шарттарын түзүп берип жатабыз.

Эгерде кийин менин айылым, менин жерим да мамлекетке керек болсо, мен бергенге даярмын. Ушу менин ата-энем жаткан мүрзө кыргыз элинин тынчтыгы үчүн керек десе, анда берүүгө даярмын", - деди ал.

Айта кетсек, кечээ, 31-мартта Ташиевдин демилгеси менен Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө 100 гектар жерге көчөт отургузулду.

Кечээ президент Садыр Жапаровдун Тажикстандын Худжанд шаарына болгон иш сапарынын алкагында кыргыз-тажик чек арасына толук чекит коюлуп, өлкө башчылар ратификациялык грамоталарын алмашты. Жетишилген келишим боюнча Достук айылы коңшу өлкөгө өтүп, анын ордуна Кыргызстан ага жараша жер жана айылдагы жаңы курулган үйлөргө кенемте катары Тажикстандан дагы 30 гектар кошумча жер алат.

Камчыбек Ташиев
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан