Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим ратификацияланды (видео)

Бүгүн, 31-мартта президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон Худжанд шаарында ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндө протоколго кол коюшту. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, ратификациялык грамоталар эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимди юридикалык жактан бекемдейт.

"Чек араны толук демаркациялоо, чек ара инфратүзүмүн модернизациялоо жана чек арага чектеш райондордо ынак коңшулаштыкты чыңдоо үчүн зарыл шарттарды түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Мамлекет башчылары бул келишим эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бекем пайдубалы болуп, келечек муундарга саясий жетилгендиктин, боордоштуктун жана тарыхый жоопкерчиликтин үлгүсү болоруна ишенимин билдиришти.

Белгилей кетсек, эки өлкө лидери өткөн айда Бишкекте жолугуп, бир катар документтерге кол коюлган.

31.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан