2-апрель – Эл аралык балдар китебинин күнү. Ошондой эле бул күн балдар үчүн көптөгөн жомокторду жазган Ханс Христиан Андерсендин туулган күнү. Ал дат жазуучусу жана поэти. Балдар бүгүнкү күнгө чейин сүйүп окуган "Суу периси ("Русалочка)", "Дюймовочка", "Кар ханышасы" аттуу жомоктордун автору. Андерсендин жомоктору дээрлик дүйнө жүзүн багындырып, көптөгөн тилдерге которулган. Анын чыгармалары дүйнө балдарынын, жеткинчектердин сүймөнчүгүнө айлангандыктан, балдар адабияты боюнча эл аралык кеңеш бул күндү балдар китебинин эл аралык күнү деп белгиленүүсүн туура көрүшкөн. Чечим 1967-жылы чыгып, ошол жылдын 2-апрелинен бери белгиленип келет.
Бул күндү белгилөө балдардын китеп окуу боюнча кызыгуусун арттыруу, алардын билим алуу укуктарын колдоону максат кылат. Жыл сайын дүйнөнүн ар бурчунда жана өлкөбүздүн жети дубанында балдар үчүн жазылган мыкты чыгармаларды эскерүү, балдар адабиятынын маанисин белгилөө үчүн иш-чаралар, китеп окуу акциялары өткөрүлөт.
Ошондой эле бул күнү балдарга арналган чыгарма, жомок, китеп жазуучулары арасында "Hans Christian Andersen Award" жана "Astrid Lindgren Memorial Award" сыяктуу атактуу сыйлыктар ээлерине тапшырылат.
Адистердин айтымында, китепке болгон сүйүү, кызыгуу канчалык эрте башталса, китеп окуу адаты оңой калыптанат. 3 жашка чейин мүмкүн болушунча түстүү китептерди көрсөтүп, ата-эне өзү кошулуп окуп, кызыгуусун артыруу керектигин айтышат. Балдарды эрте өнүктүрүү боюнча консультант Сапаргүл Абдинабиева "алгачкы китепти балам ичимде 2 айлык кезинде окугам" дейт.
Кыргыз жомок жазуучулардын ичинен Миргүл Наралиева балдар үчүн китеп жазууга өзүнүн балалыгында чоң апасы айтып берген жомоктор, жаңылмачтар, кичи эпостор түрткү болгондугун айтат. Миргүл айым балдар үчүн жазылган 25 китептердин автору. Ал жомоктордун балдардын өсүп-өнүгүүсүнө чоң таасир тийгизерин кенен айтып берди.
"Балдар кичинекей кезинде сүрөттөө, салыштыруу жолу менен маалыматтарды жакшы кабылдайт. Айдай сулуу, баатыр, акылман деген сөздөрдү угуп, ошондой болууга аракет кылышат. Азыркы жомоктордо илгеркиге салыштырмалуу терс каармандарды, агрессивдүү сөздөрдү, мисалы, жезкемпир, жети баштуу ажыдаар, хан башын кыя чааптыр деген сыяктуу жазбайбыз. Тескерисинче, ынтымакка чакыруу, достошуу темасына көбүрөөк көңүл бурабыз. Анткени бала эмнени угуп чоңойсо, ошого умтула берет.
Менин айлана-чөйрөм, иштеген жеримде балдар курчап тургандыктан, үйдө өзүмдүн да беш балам бар, алардын кылык-жоруктарын көрүп чыгармачылыгыма шык алам. Коомдук транспорттордо да балдар көзүмө биринчи илинет. Баскан жеримде дайыма алардын талабын талашам, аларга болушам, укугун коргойм.
Чыгармачылыкта көкүрөгүңдө турган нерсени жазмайынча уктатпайт. Чыгармаларыңды окуп жакшы таасир алган, өз жолун тапкандарды, каармандардан үлгү алгандарды угуу – чыгармачыл инсан үчүн чоң бакыт.
Жомогумдагы каармандарды, жогоруда айтып өткөндөй эле, жашоомдон алам, кыялымда да жаратам, жакындарымдын балалыгын угуп жазам. Мисалы, "Велосипед" аттуу жомогумда жолдошумдун бала кездеги жашаган окуясын жазгам. Андан сыткары ар бир жазган жомогумда өзүмдүн балалыгымдын сүртүмдөрү бар.
Жомок угуп чоңойгон баланын дүйнө таанымы, сөз байлыгы бай болуп чоңойот. Ошондуктан ар бир ата-эне балдарга китеп алып берүүдө акчасын аянбаса дейм. Кыргызстанда китеп жетиштүү эмес деген сокур түшүнүк бар. Ал 1990-2000-жылдары болушу мүмкүн. Андан бери китеп дүйнөсү дүркүрөп өстү. Китеп дүкөндөрүндө, китепканаларда кандай багытта издеп жатсаңыз, бардык түрдөгү китептерди таба аласыздар. Изденүү гана керек", - дейт Миргүл айым.
2-апрелдин жылнаамасы.