Бишкекте аттракциондон кулаган кыздын окуясы: 19 жаштагы шектүү үй камагына чыкты

Бишкектеги Панфилов сейил багында иштеп жаткан аттракциондон кулаган кыздын окуясынан кийин шектүү катары кармалган 19 жаштагы жигит үй камагына чыгарылды. Маалыматты Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, чечимди кечээ, 3-апрелде райондук сот кабыл алган. Анын негизинде шектүү 1-июнга чейин үй камагында болот.

Белгилей кетсек, 31-мартта Панфилов паркындагы аттракциондо кыз кулап түшүп, ооруканага оор абалда жеткирилген. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси менен (Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү) кылмыш ишин козголуп, 19 жаштагы жигит шектүү катары кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан