Бишкектин чок ортосундагы Панфилов сейил багында аттракциондон кулаган кыздын окуясы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жигит кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Милиция парктагы аттракциондо кулаган кыздын окуясы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси менен (Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү) кылмыш ишин козгогон.
Тергөө жана ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган Ш.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.
Белгилей кетсек, 31-мартта Панфилов паркындагы аттракциондо кыз кулап түшүп, ооруканага оор абалда жеткирилген.