Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу Александр Мищенко кыздуу болот. Ал жубайы жана жакындары менен биргеликте "Дордой" клубунун оюн талаасында гендер-пати уюштурушуп, жакшылыгы менен бөлүштү.
Социалдык баракчаларга жайгаштырылган видеодо, "Ак шумкарлардын" оюнчусу дарбазага топ тээп киргизип, жубайлар кыз күтүп жаткандыгын билишкен.
Белгилей кетсек, улуттук курама команданын коргоочусу Александр Мищенко 2024-жылдын июль айында Айжаркын аттуу сүйлөшкөн кызынын колун сурап, кийин баш кошушкан.
Ал эми оюнчу 25-мартта Катар менен беттеште киргизген голун жубайына арнап, ата статусуна ээ боло тургандыгын жарыялаган.