Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын коргоочусу Александр Мищенко сүйүктүүсүнүн колун сурады. Бул туурасында Кыргыз футбол биримдигинин Телеграм баракчасына жарыяланды.
Анда кабарлангандай, футболчунун сүйлөшкөн кызы сунушту кабыл алып, "Ооба" деп жооп берген.
Мищенко 2017-жылы “Дордой” футболдук клубу менен келишим түзгөн. 2019-жылдын февраль айында Кыргызстандын жарандыгын алган. Ал 2019-жылдын 11-июнунда Палестина менен болгон беттеште улуттук курама команда үчүн дебют жасаган.