АКШнын бир катар аймактарында аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам келип чыккан жаратылыш кырсыгынан каза болгондордун саны өсүүдө. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, учурда болжолдуу 23 адам каза болгону айтылган. Он штатта 90дон ашык торнадо катталып, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам АКШнын борбордук бөлүгүндө сел каптады.
"Теннесси штатында он адам, ал эми Кентукки штатында суу ташкынынан кеминде эки адам каза болду.
Суу каптоо он миңдеген америкалыктарды электр жарыгысыз калтырды. Миссисипиде эле 14 миңдей адам электр жарыгы жок калгандыгын губернатор Тейт Ривз X социалдык тармагына жазган. 7-апрелден тарта өткөн жуманын ортосунан бери уланып жаткан бороон-чапкындар басаңдай баштады", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШда болгон сел жана торнадодон кеминде 12 адам каза болгондугу айтылган.