АКШда болгон сел жана торнадодон кеминде 12 адам каза болгондугу айтылууда

АКШда аба ырайынын кескин начарлашынан келип чыккан катуу бороон жана селден кеминде 12 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, учурда Мемфис штатында катуу суу каптоо коркунучу, ошондой эле Техас штатында торнадо коркунучу жогору бойдон калууда.

"Жалпысынан Теннессиде беш, Миссуриде үч, Кентуккиде эки жана Индиана менен Арканзаста бирден адам каза болгон", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын бир катар аймактарында торнадо каптагандыгы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан