Өлкөдө чет өлкөдөн мыйзамсыз ташылып келди делген оң рулдуу унааларды легалдаштыруу башталып, алгачкылары кыргыз номурларын алышты.
Кыргыз номурун алган оң рулдуу унааларга 10-региондун номурлары берилүүдө. Кабыл алынган токтом боюнча, мыйзамдаштыруу иштери 1-апрелден 1-октябрга чейин жүргүзүлөт.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров чет элдик номурлуу унааларды мыйзамдаштыруу боюнча жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Министрлер кабинети 2 айдын ичинде мыйзамыз келген деген унааларды каттоонун жол-жобосун иштеп чыгып, тиешелүү чечим кабыл алат жана 6 айдын ичинде ишке ашырат. Легалдаштыруу 3 этап менен ишке ашырылары белгиленген.