Тайвандын түндүк-чыгыш тарабында күчү 5,8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Орусиянын "РИА новости" басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Илань аймагында бүгүн, 9-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:53тө (Бишкек убактысы 07:53) болгон.
Учурда жер титирөөдөн улам мүмкүн болгон курмандыктар жана кыйроолор тууралуу маалымат бериле элек.
Белгилей кетсек, 28-мартта Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен катуу жер титирөө болуп, өлкөнүн аймактарында кыйроолорго алып келген. Акыркы маалыматтар боюнча, жердин силкинүүсүнөн улам каза болгондордун саны 3 миңден ашкан.