Мьянмадагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 3085ке жеткенин чет элдик басылмалар өлкөнүн өкмөтүнө шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Акыркы маалыматтар боюнча, дагы 4,7 миң адам жарадар болуп, 341 адам дайынсыз жоголгондордун тизмесине кирген.
Буга чейин каза тапкандардын саны 2700гө жетип, 20 миң 719 адам жабыркаганы маалымдалган.
Эске сала кетсек, 28-мартта Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен катуу жер титирөө болуп, өлкөнүн бүт аймагында жана коңшу мамлекеттерде кыйроолорго алып келген. Жер титирөөнүн очогу 1,5 миллион адам жашаган өлкөнүн экинчи чоң шаары Мандалайдан 17 чакырымдай алыстыкта болгон. Мындан улам бийлик 31-марттан 6-апрелге чейин улуттук аза күтүү жарыялаган.