Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лин Цзянь Пекин Украинадагы жаңжал болгон аймакка аскер кызматкерлерин жөнөтпөгөнүн билдирди.
Ал Кытай өкмөтү жарандарын согуштук аракеттерге аралашпоого ырааттуу чакырып келгенин баса белгиледи.
"Кытай өкмөтү ар дайым өз жарандарынан куралдуу кагылышуудан оолак болууну, кийлигишпөөнү, атап айтканда, эки тараптын тең аскердик операцияларына катышпоону талап кылып келет", - деген ал журналисттер менен болгон брифингде.
Буга чейин Украинанын президентти Владимир Зеленский Донецк облусунда Кытайдын эки аскери туткунга алынганын билдирип, кармалгандардын бири тартылган видеону өзүнүн Telegram каналына жарыялаган. Зеленский тышкы иштер министрине тез арада Пекин менен байланышып, бул окуя боюнча Кытайдан маалымат алууну тапшырганын кошумчалаган.