Украинанын президенти Владимир Зеленский Донецк облусунда Орусия тарапта согушкан эки кытай жараны туткунга түшкөнүн билдирди. Ал кармалгандардын бири тартылган видеону өзүнүн Telegram каналына жарыялады.
Зеленскийдин айтымында, туткунга түшкөндөрдүн документтери, банк карталары, жеке маалыматтары бар. Ошондой эле ал Украинанын тышкы иштер министрине тез арада Пекин менен байланышып, бул окуя боюнча Кытайдан маалымат алууну тапшырганын белгиледи.
"Оккупант бөлүктөрүндө экиден ашык кытай жарандары бар деген маалымат бар. Учурда биз бардык фактыларды тактап жатабыз. Чалгындоо жана Куралдуу күчтөрдүн тиешелүү бөлүмдөрү иштеп жатат", - деп жазган Зеленский.