Доминика Республикасынын борбору Санто-Доминго шаарында жайгашкан түнкү клубдун чатыры урап түшүп, ичиндеги адамдарды басып калган. Акыркы маалыматтар боюнча, каза болгондордун саны 184кө жетти. Бул тууралуу Орусиянын "РИА новости" басылмасы жазды.
"Тилекке каршы, учурда 184 адамдын сөөгүн таптык", - деген Өзгөчө кырдаалдар министри Хуан Мануэль Мендес.
Белгиленгендей, каргашалуу окуя Доминиканын белгилүү музыканты Рубби Пересанын жеке концерти учурунда катталган. Клубдун ичинде миңге жакын күйөрман болушу мүмкүндүгү айтылган болчу.
Өлкөнүн президенти Луис Абинадер Санто-Домингодогу трагедияда курман болгондор үчүн үч күндүк улуттук аза күтүү күнү жөнүндө жарлыкка кол койгон.
Белгилей кетсек, буга чейин каза болгондордун саны 80ге жеткени айтылган болчу.