Доминикадагы чатыры кулаган клубда каза болгондордун саны 80ге чамалады (видео)

Доминиканын борбору Санто-Доминго шаарында жайгашкан клубдардын биринин чатыры урап түшүп, ичиндеги адамдарды басып калган. Анда каза болгондордун саны 80ге жетти. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, дагы 155 киши жаракат алган, ал эми каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн. 400дөй куткаруучу урандылардын арасынан дайынсыз жоголгон адамдарды издеп жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.

Белгиленгендей, каргашалуу окуя Доминиканын белгилүү музыканты Рубби Пересанын жеке концерти учурунда катталган. Клубдун ичинде миңге жакын күйөрман болушу мүмкүндүгү айтылууда.

Өлкөнүн президенти Луис Абинадер Санто-Домингодогу трагедияда курман болгондор үчүн үч күндүк улуттук аза күтүү күнү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Белгилей кетсек, буга чейин каза болгондордун саны 20 экендиги айтылган.

Клубда болгон каргашалуу окуя
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан