Вьетнамдын түштүгүндөгү Нячанг шаарындагы меймканканада оор абалда табылган Кыргыз жараны мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
"Нячанг шаарындагы ооруканага жаткырылган 1975-жылы туулган С.А. аттуу кыргыз жаранына зарыл болгон ыкчам жардамдын комплекстүү чаралары көрүлдү.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында кыргыз жаранына Кханьхоа провинциясынын госпиталында квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүлдү. Азыркы учурда анын ден соолугунун абалы канааттандырарлык.
Вьетнамдын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, кыргыз жараны мекенине аман-эсен учуп кетти", - деп билдиришти министрликтен.
Белгилей кетсек, аталган жаран март айынын ортосунда Нячанг шаарындагы меймканканада оор абалда табылган.