Вьетнамдын түштүгүндөгү Нячанг шаарындагы меймканканада кыргызстандык жаран оор абалда табылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Министрликтин маалыматына ылайык, учурда Кыргыз жаранынын абалы туруксуз жана аны башка шаардагы медициналык мекемеге жеткирүү каралууда.
"19-мартта 1975-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны С.А. Нячанг шаарындагы мейманканалардын биринен эс-учун жоготкон абалда табылып, ооруканага жеткирилген. Жаранда олуттуу жаракаттар жана татаалдашуулар аныкталган, анын абалы туруксуз. Учурда Хошимин шаарындагы медициналык мекемеге көчүрүү мүмкүнчүлүгү каралууда", - деп билдиришти министрликтен.
Министрлик Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилиги жергиликтүү органдар менен тыгыз кызматташып, жабыркаган жаранга керектүү жардамды көрсөтүп жатканын жана жанында жүргөн Кыргызстандын жарандары менен тыгыз байланышта болуп жатканын кошумчалады.
"Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат", - деп кошумчалашты министрликтен.