"Атам мени азыр дагы эркелетет". Актриса Мээрим Касаболотова 46 жашка толду 

"Апамдын махабаты" тасмасында Керездин ролун жаратып, калкыбызга белгилүү болгон театр жана кино актрисасы Мээрим Касаболотова бүгүн, 23-апрелде 46 жашка толду. "Мен үчүн ар бир күн майрам" деген актриса туулган күнүн эң алгачкылардан болуп ата-энеси, бир туугандары куттуктаганын айтты.

"Туулган күндүк маанайлар эң сонун. Эң алгач ата-энем, бир туугандарым, балдарым куттуктады. Ар бир туулган күнүмдө ата-энем түнкү саат 12де куттукташат. Азыр кесиптештерим, жакындарым, студенттерим баары жылуу сөздөрүн айтып куттуктап жатышат.

Мен үчүн негизи ар бир күнүм майрам. Ар бир күнүмө Кудайга шүгүр айтам. Кээде маанайым жок болуп турган кезде дагы жашоомо ыраазы болуп, күлүп жүргөнгө аракеттенем. Албетте, туулган күн бир жылда бир келген үчүн мага жагымдуу күн. Биз кээде жаш кошулуп, картайып бара жатканыбызга капа болуп калабыз. Кудай мага канча жаш берсе ошого ыраазымын, ошол жашоону татыктуу жашаганга аракет кылам.

Мен азыр дагы ата-энемдин эрке кызымын. Атам азыр дагы эркелетип, күндө чалып турат. Өзүм эне болуп калганыма карабай, атама эркелей берем (күлүп). Менин ар бир туулган күнүм жакын адамдарымдын курчоосунда өзгөчө белгиленет", - дейт Мээрим Касаболотова.

Актриса Мээрим Касаболотова 1979-жылы 23-апрелде Ысык-Көл облусунун Теплоключенка айылында төрөлгөн. Ыбрай Туманов атындагы музыкалык училищеде кыл кыяк адистиги боюнча билим алган. Андан соң Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун (азыр университет) актёр, кино жана драма бөлүмүндө окуган. Окуусун аяктаган соң Талас облусунда жаңы театр ачып, Талас облустук музыкалык драма театрында эмгектенген. Учурда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында эмгектенет.

Актриса Алыкул Осмонов атындагы "Эстелик" медалынын ээси, "Маданияттын мыкты кызматкери", "Ыйык тил" төш белгисинин ээси.

Мээрим Касаболотова "Айыл өкмөтү", "Чиркин өмүр", "Апамдын махабаты", "Күйөө сатам", акыркы кезде "Чоочун киши", "Жалбыз", "Мурас", "Акча" телесериалдарында жана башка тасмаларга тартылган. Мындан тышкары актриса поэзия дүйнөсүнө баш багып, ыр жазып келет.

23-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан