Бул жолку Поэтерапия рубрикабыздын каарманы театр жана кино актрисасы, маданияттын мыкты кызматкери Мээрим Касаболотова. Ал 1979-жылы 23-апрелде Ысык-Көл облусунун Теплоключенка айылында төрөлгөн. Ыбрай Туманов атындагы музыкалык училищеде кыл кыяк адистиги боюнча билим алган. Андан соң Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун (азыр университет) актёр, кино жана драма бөлүмүндө окуган.
"Ыр дүйнөгө 12 жашымдан баштап аралашкам, бирок "Кыргызстан" деген ырымды кыргыз тили сабагынан берген мугалимим окуп "ушул да ырбы?" деп урушуп койгон. Шагым сынып жазбай калгам. Бирок Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" деген чыгармасын окуп катуу таасирленип, кайра поэзияга сүңгүп кирдим.
Үйдөн атам Төлөн Касаболотов чоң комузчу, кыргыз маданиятына Эмгек сиңирген ишмер, ыр жазат. Ыр жазганда атам менен кеңешип турам. Атамдын агасы Үсөк Касаболотов да ыр жазат, анын ырларын окуп шыктанам. Өзүмдү акын катары эсептечү эмесмин. Бирок бир жыл мурун тайпалашым "Актал" адабий чыгармачылык бирикмеге чакырып, ошондон бери аталган чыгармачылык бирикмеде мүчөмүн", - дейт Мээрим Касаболотова.
"Агажан"
Сагынычка мынчалык мен батпагам,
Салтанаттуу ырым менен айта алам.
Саргартпаңыз, сапырбаңыз сезимди,
Сый мамиле тартуулабайт ар адам.
Салабаттуу сырдуу күйүп көзүңүз,
Сырга бекем, сиз жактыңыз өзүңүз.
Сыпаа сүйлөп, кереметти тартуулап,
Кең дүйнөнү бут алдыма төктүңүз.
Сиз күлсөңүз мен да кошо күлө алдым,
Сиз сүйсөңүз мен да кошо сүйө алдым.
Кенен басып, кең ааламдын жолунда,
Бир сиз менен махабатта жүрө алдым.
Аттиң десең, чок салдыңыз сезимге,
Арман менен кысыламын демиге.
Абайлабай неге мынча агатай,
Ашыктыкты алып келдиң өзүмө.
"Театр"
Ар бир ролум, ойноп жаткан чыгармам,
Алтын үлгү тарбиядан куралган.
Айырма жок, чоң образбы, кичине,
Арнап келем сизге дайым күйөрман.
Театр, сахна тагдырдагы өмүрүм,
Сенсиз токтойт менин жашоом, көңүлүм
Океандай кенендикти камтыган,
Оргуп чыгат көөдөндөгү өнөрүм.
Театр, сенсиң таланттарга себепкер,
Шыктандырдың өнөрлөрдү далай кең.
Оюн койсок көрөрманга сахнада,
Образ кайнайт жүрөгүмдү жазып чер.
Театр сенсиң көңүлүмдүн чордону,
Талыкпаган өнөрлөрдүн борбору.
Таалайыма жалгыз бүткөн бакыттай,
Театр сенсиң жылдыздардын ордосу.
"Театр" ырымды 27-март театр күнүндө кесиптик майрамыбызга арнап жазгам".
"Сезим"
Керемет кеч сырдашымдай сезилип,
Кээде эстеймин эбедейим эзилип.
Кеч жолуктуң, кадырына жете албайм,
Кыйнадың го кымбатымдай көрүнүп.
Толкунунда кыялыма баткандай,
Тооруп сезим жүрөгүмө айткандай.
Толукшуган көңүлүмдүн ээси бол,
Торгоюмдай обон салып жаткандай.
Жипсиз байлап, кайдан чыга калдың сен?
Жигит мырза марттыгыңа койдум чен.
Сүрдүү жанган кабагыңдан окудум,
Сүйүү отун көзүң менен күйдүргөн.
Ыйык сезим нуруң менен тартуулап,
Ыйлап жүрдүм, көңүлүмдө канча убак.
Ыраак кетип дайым сенден качсам да,
Ырбап жарам жүрөк терең жанчылат.
Жолукпастан арман болуп калсаң не,
Же жароокер жарың болуп жансам не.
Жашоом бөлөк жолду берип койгон соң,
Жанбай сезим бөлөк болуп калса не?
"Бул ырдын тарыхы пандемиянын убагына туш келет. Түн ичинде отурсам түн көзүмө аябай сулуу көрүндү. Ошондо эргүү келип жаралып калган".
"Тагдыр"
Аял деп жүрөгүмө ыйман берген,
Аруу деп кең пейилдеп дитин берген.
Ошентсе да оош-кыйыш жашообу бул?
Турмуштун түйшүгүндө жашап келем.
Тагдыр, сен мени жеңбесең, мен сени кантип жеңем?
Кантип, кантип, кайда барам?
Кайда, кайда, кайда качам?
Жүрөгүмдө жан кейиткен таш боордук орнобосо,
Ийилип гүл назиктик жашайт белем...
Кыйналсам да, оорусам да, түйшөлсөм да,
Кыялымда тазалыкты издеп келем.
Тагдыр оор беле, кыйын беле жашоо деген?
Көз жашымды ныгырып акыл менен.
Бул жашоодон кенендикти издеп келем,
Моюн сунбайм, каарына алдырбаймын,
Жөн эле туңгуюкка камалбаймын.
Жан дүйнөмдү кандай боштук ээлесе да,
Бардыгын сабыр менен жеңип келем.
Себеби атым бар "аял" деген, "эне " деген!
"Ар бир адамдын тагдыры ар башка. Кээде миң аракет кылганыбыз менен тагдырыбызга жазылганын көрөбүз. "Тагдыр" аталышындагы бул ырымды кыйналып жүргөндө чыгардым эле".