Бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров мугалим менен дарыгерлердин отчёттук иш кагаздарын кыскартууну сунуштады.
"Мугалимдердин базистик окуу планы деген бар экен. Муну жыл сайын тапшырышат экен. Бирок ал жыл сайын өзгөрбөйт. Муну жокко чыгарып, түндүк тиркемеси аркылуу бир стандарт киргизип коюш керек. Саламаттыкты сактоо министри да "биз дагы кереги жок отчёттор көп" деп айтыптыр. Тээ СССРден бери келе жаткан отчёттор бар экен", - деди ал.
Эске салсак, Абакиров Жогорку Кеңештин 9-апрелдеги жыйыныда да мугалимдердин көп убактысы кагаз иштерине кетип жатканын айтып, билим берүүгө таасир этпеген көптөгөн отчётторду жоюуну сунуштаган. Анда ал мугалимдердин бир катар көйгөйлөрүн тизмектеген болчу.