Бүгүн, 9-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйыныда депутат Элдар Абакиров борбордук трибунадан сөз алып, мугалимдердин көйгөйлүү маселесин көтөрдү.
Ал окутуучулардын көп убактысы кагаз иштерине кетерин айтып, билим берүүгө таасир этпеген көптөгөн отчётторду жоюуну сунуштады. Абакиров мугалимдер иштерин кагаз түрүндө, анан кайра электрондук вариантта жазып жаткан учурлар да бар экенин белгилеп, санариптештирүү заманында электрондук вариант гана калышы керек дейт.
Ошондой эле эл өкүлү окуучулар каникулга тарап жатканда алардын коопсуздугуна мугалимдердин милдеттенип жатканын сындап, окуудан тышкары балдарга ата-энелер жооптуу болушу керектигин айтты. Ал мугалимдер билим берүү тармагынан тышкары айыл өкмөт, акимдерге чейин отчёт тапшырып жатканын билдирип, муну да сынга алды.
Абакиров мугалимдердин убактысынын 40 пайызы кагаз ишетерине кетип жатканына кейип, аны 10 пайызга түшүрүүнү жана жергиликтүү бийликтин мугалимдердин ишине кийлигишүүсүн тыюуну көздөгөн буйруктун долбоорун даярдап жатканын кошумчалады.
Айта кетсек, депутаттын борбордук трибунага балдак менен чыкканын көрүүгө болот. Ал кечээ, 8-апрелде парламенттин тармактык комитетинин жыйынында балдак менен жүргөнүн билдирген эле.