Социал-демократтар партиясынын үч мүчөсү пробация менен абактан бошотулду (видео)

Бүгүн, 24-апрелде Свердлов райондук соту Социал-демократтар партиясынын иши боюнча өкүм чыгарды. Соттук отуруму жабык эшик артында өттү.

Партиядан билдиришкендей, Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер үч жылдык пробация менен эркиндикке чыгарылды.

Эске салсак, "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрында добуш сатып алууга шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттун чечими менен 15-ноябрда алар Бишкектин СИЗОсуна жөнөтүлгөн.

"Социал-демократтар" партиясынын өкүлдөрү коюлган айыпты четке кагып, аны саясий куугунтук катары баалап келет.

24.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан