Өзбекстан Ислам Каримовдун кызынын активинен дагы 95 миллион доллар кайтарды

Өзбекстан өкмөтү мурдагы президент Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримованын Швейцарияда камакка алынган активдеринен дагы 95 миллион доллар кайтарып алды. Бул тууралуу өлкөнүн экономика жана каржы министринин орун басары Отабек Фозилкаримов билдиргенин "Интерфакс" агенттиги жазды.

Ал буга чейин Швейцариядан алынган 87 миллион доллар саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагына жумшалганын белгиледи. Фозилкаримов ошондой эле учурда Бельгия менен да каражаттарды кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатканын айткан.

Аталаган каражаттар эки өлкө ортосунда Каримованын камактагы мүлкүн бөлүштүрүү боюнча кол коюлган келишимдин негизинде кайтарылууда. Анда Ташкентке 182 миллион долларга жакын каражатты кайтаруу каралган.

Басылма былтыр августта Өзбекстан менен Швейцария 131 миллион долларды кайтаруу боюнча келишимге кол коюшканын, быйылкы түзүлгөн келишимди кошкондо Ташкент жалпы 313 миллион доллар кайтарып аларын жазды.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын март айында Ташкент шаардык соту Гүлнара Каримованы кылмыштуу топ түзүү, алдамчылык жана мамлекеттик мүлктү уурдоо беренелери боюнча 13 жыл 4 айга эркиндигинен ажыраткан. Учурда маркум президенттин кызы абакта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан