Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримованы Ташкент шаардык соту 13 жыл 4 айга эркинен ажыратты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анын мөөнөтү 2015-жылдын 21-августтан баштап эсептелет. Ага опузалап мүлктү менчиктеп алуу, кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо жана ыксыз сарптоо боюнча айыптар коюлган.
Гүлнара Каримовага уюшкан кылмыштуулук боюнча кылмыш иши козголуп, үй камагына алынган.