26-апреде Рим папасы Францискти акыркы сапарга узатуу зыйнатына Кыргызстандын Юстиция министри Аяз Баетов жана Кыргызстандын Италиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Таалай Базарбаев катышты. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
"Понтифик менен расмий коштошуу аземи католик чиркөөсүнүн эң маанилүү жерлеринин бири болгон Ватикандагы Ыйык Петр аянтында 50дөн ашык дүйнөлүк лидерлер жана 10 башкаруучу монархтар менен өттү", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган иш-чарага 200 миң киши катышканы айтылды.